24.kg
09:09, 08 июня 2022, 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 9-июнда саат 9.00дөн 23.00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

«Баха» суу алгычындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөлөрү Абдрахманов көчөсүнөн «Арча-Бешик» конушунун батыш чек арасына чейин, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев көчөлөрүндө, ошондой эле Сары -Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар, 105 контур жана Селекция конуштарында.

Борбор калаанын мэриясы тургундарын өз убагында ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18