24.kg
11:09, 07 июня 2022, 24.kg

«Ала-Тоо» аквапаркында чөгүп кеткен бала тууралуу мэрия түшүндүрмө берди

Борбор калаанын мэриясы «Ала-Тоо» аквапаркында бала сууга чөгүп кеткен окуя боюнча мэриянын басма сөз кызматы буларды билдирет.

№ 95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышып, эс алуу учурунда бир бала сууга чөгүп каза болгон.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул ишти кароо боюнча башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринин ичинен комиссия түздү. Комиссия бул окуяны изилдеп, мектеп жамаатынын канчалык деңгээлде катышкандыгын жана жоопкерчилигин аныктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18