24.kg
09:34, 07 июня 2022, 24.kg

Казакстан 1-класста дароо үч тилди окутуу тажрыйбасынан баш тартат

Казакстан 1-класстан баштап окуучуларга дароо казак, орус жана англис тилдерин окутуу тажрыйбасынан баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов Nur.kz сайтына берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, казак тилдүү мектептерде 1-класстын окуучуларына казак тилин гана окутуп, орус тилин 2-класстан баштап киргизүү каралууда. Орус тилдүү мектептерде 1-класстын окуучуларына казак жана орус тилдерин окутуп, англис тилин бардык мектептерде 3-класстан баштап киргизүү пландалууда.

«Изилдөөлөр жана анализдерден кийин 1-класстын окуучулары үчүн дароо үч тилди окуу оор экенин, ал натыйжалуу болбой турганын көрдүк. Министрликте тиешелүү чечим кабыл алынып, казак тилдүү мектептерде 1-класста бир гана казак тилин окутууну киргизүүнүн үстүнөн иштей баштадык. Негизги басым окуучуга алгач өзүнүн эне тилинде окуганды жана жазганды үйрөтүүгө жасалат», — деди министр.

Өткөн жумада Казакстан парламентинин Сенатында билим берүү тармагындагы реформаларды кайрадан карап чыгуу жана биринчи кезекте «эл аралык тажрыйбага эмес, өлкөнүн кызыкчылыгына көңүл буруу» сунушу айтылган. Депутат Мурат Бахтиярулы министрликтин өкүлүнө кайрылып, коомчулукта билим берүү тармагындагы өзгөртүүлөргө нааразы болгондор көп экенин айткан. «Казакстан орто мектептердеги билим берүү программасын жаңылоодо өтө шашылыш иш жүргүздү. Балдар «түгөнбөгөн реформалар» үчүн эксперименталдык аянтчага айланып баратышат», — деген депутат.

Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, Казакстанда окуучулардын 1 гана пайызы жеткиликтүү жана сапаттуу билим алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18