13:04, 03 июня 2022, 24.kg

Ажылыкка бара турган тажикстандыктар Сауд Арабиясына 20-июнда учат

Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга Тажикстан үчүн 3,5 миң квота бөлгөн. Коронавирус пандемиясына чейин Тажикстандан ажылык сапарга 6 миңге чейин адам барып турган.

Тажикстандын Дин иштери, каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу комитети быйылкы ажылыктын баасы 61 миң сомонини (5350 доллар) түзөрүн билдирди. 2019-жылы сапардын баасы 35 миң сомони болчу.

Тажик бийлиги ажылык баасынын жогорулашын кабыл алуучу тараптагы бир катар кызматтардын, ошондой эле күйүүчү майдын кымбаттаганы менен түшүндүрүүдө.

Сауд Арабиясынын талабы боюнча, быйыл ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылыкты убактылуу токтоткондон бери чет өлкөлүктөр сапарга бара элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18