13:02, 03 июня 2022, 24.kg

Baykar компаниясы Украинага бир «Байрактарды» бекер берет

Учкучсуз учактарды өндүргөн түркиялык Baykar компаниясы Украинага бир «Байрактар» дронун бекер берет. Бул тууралуу компания өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Baykar мындай чечимди Литванын жарандары Украинанын Куралдуу күчтөрүнө «Байрактар» дронун сатып берүү үчүн үч күндүн ичинде 5 миллион евро каражат чогулткандан кийин кабыл алган.

«Литва эли марттык менен Украинага Bayraktar TB2 дронун сатып берүү үчүн каражат топтошту. Бул кабарды уккандан кийин Baykar литвалыктарга учкучсуз учакты бекер берип, чогулган каражатты Украинага гуманитардык жардам катары жумшоону өтүнөт», — деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Литванын жашоочулары Украинага түркиялык «Байрактар» дронун сатып берүү үчүн 5 миллион евро чогултушкан.

«Байрактар» — чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. Аларды Украина былтыртан бери сатып ала баштап, учурда Орусия менен согушта активдүү колдонууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18