10:27, 02 июня 2022, 24.kg

Мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтөт. Президент жарлыкка кол коюду

Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын кесиптик билимдеринин жана иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо.

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зарыл квалификацияга ээ болгон кызматчылардан турган жогорку кесипкөй аппаратын түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бул саясатты ишке ашыруунун алкагында бул жарлык менен бекитилет:

  • Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18