16:18, 01 июня 2022, 24.kg

340 миңге жакын бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашайт

Кыргызстанда 340 миңге жакын бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 18 жашка чейинки курактагы 1,9 миң балдар жана өспүрүмдөр  ата-эненин кароосуз калган. Алардын ичинен болгону 674ү гана  томолой жетимдер.

2021-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 1 миңге жакын жетим бала жашаган.

Өткөн жылы 7 баланы чет өлкөлүк жарандар асырап алышкан. 

Статкомдун айтымында, 1 миң 670 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда,  638 бала асырап алынган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18