12:08, 01 июня 2022, 24.kg

2022-жылы Кыргызстанда балдардын саны 1,7 пайызга көбөйдү

Өлкөдө 2 млн. 555 миң бала жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, 2021-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 43 миң балага же 1,7%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынан:

43% — 7 жашка чейинки балдар (1 млн. 108 миң адам);
44% — 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн. 119 миң адам);
13% — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (328 миң адам).
Балдардын басымдуу көпчүлүгү (65,5%) айыл жергесинде жашашат.

2021-жылы 150 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 77 миңи эркек балдар жана 73 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18