11:36, 01 июня 2022, 24.kg

Тазабек Икрамов Өзгөчө кырдаалдар министринин отставкасын талап кылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдун отставкасын талап кылды.

Депутаттын айтымында, Сузак районунун 2021-жылы селден жабыркаган тургундары дагы эле контейнерде жашашат.

«Элдерди үй менен камсыз кылуу керек болчу. Андан сырткары, Кара-Дарыя суусунун жээгине дамба куруу маселеси көтөрүлгөн. Жакында суу дагы көтөрүлүп, дыйкандардын эгинин каптап кетти. Тосмо кура турган акча каякка которулду? Министр менен орун басарлары эмне кылып олтурушат?», — дейт депутат.

Депутат Бообек Ажибеков кыргыз-өзбек чек арасындагы кырсыктан кийин эле отставкага кетиш керектигин айтат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18