09:12, 01 июня 2022, 24.kg

Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүү тартибин аныктады

Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому президенттин 2021-жылдын 22-ноябрында «Ак-Ордо 3» конушунда айыл чарба багытындагы жер тилкелеринде жашаган тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмаларын аткаруу иретинде иштелип чыккан.

Документ курулушка уруксаты жок айыл чарба багытындагы жер тилкелерине жеке турак жай курулган айыл чарба багытындагы жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында иштелип чыккан.

Жобо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерди «калктуу конуштар» категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча ишин уюштуруунун негизги эрежелерин жана жол-жоболорун, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин түзүү, калкка маалымдоо жүргүзүү тартибин, Жер кодексине, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык мунапыс объекттерине менчик укугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуу процедураларын аныктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18