09:28, 27 мая 2022, 24.kg

Путин: Европа санкцияларды алса, Орусия дан экспорттоого даяр

Батыш Украинадагы согушка байланыштуу киргизилген санкцияларды алып таштаса, Орусия дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгын жеңүүгө үлүшүн кошууга даяр.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 26-майда Италиянын премьер-министри Марио Драги менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.

Reuters кабарлагандай, тараптар Украинадагы абалды, азык-түлүк каатчылыгын жана анын жакыр өлкөлөргө тийгизген таасирин талкуулашты. Владимир Путин эгер шарттар аткарылса, Орусия дан жана жер семирткич экспорттоого даяр экенин белгиледи.

Кремлдин билдиришинче, Путин Марио Драгиге «Азов деңизи менен Кара деңиздеги порттордон чыга турган жарандык кемелердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүлүп жатканын, бирок буга украин тарап тоскоолдук жаратып жатканын» айтты.

Мындан тышкары орус президенти Марио Драгиге үзгүлтүксүз газ берүүгө кепилдик берген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кабарлагандай, согушка чейин дүйнөлүк рынокто буудай жеткирүүнүн 30 пайызын Орусия менен Украина камсыздап турган.

«Жетилик тобу» өлкөлөрү Орусия дан рыногундагы абалды «гибриддик согуш» инструменти катары пайдаланууда. БУУ мартта азык-түлүк 12 пайыздан ашык кымбаттаганын белгилеген. Бул 1990-жылдан берки рекорд болуп калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18