14:43, 26 мая 2022, 24.kg

Кыргыз-казак соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин «Ак-Тилек» (Кыргызстан) жана «Кара-Суу» (Казакстан) автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды.

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү.

Капсула салуу аземи министрлер кабинетинин мөрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстан вице-премьер-министри — Соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун катышуусунда өтүп, алар Мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу белгиленген план боюнча отчет беришти.

Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18