17:56, 25 мая 2022, 24.kg

Июндан баштап Россияга темир жол каттамдары жанданат

6-июндан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташыган темир жол каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Бишкек-Казан багыты ар аптанын дүйшөмбү, Бишкек-Самара багыты жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкек-Новосибирск багыты сегиз күндө бир жолу каттайт.

Бишкек-Казан багыты боюнча биринчи каттам 6-июнда, Бишкек-Самара 8-июнда, Бишкек-Новосибирск 9-июнда каттай баштайт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЧР тесттин вирус жок деген сертификаты талап кылынарын эскертет. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы суралат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18