17:16, 24 мая 2022, 24.kg

«Теплые ключи» комплекси «Электр станцияларына» 15 жылга пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоочу комплекси 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реаблитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн пайдаланууга берилген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптагыдай деңгээлинде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18