17:14, 24 мая 2022, 24.kg

«Кумтөр» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусуна которуп турат

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин борбордук казыналыгында ачылган «Нарын облусун өнүктүрүү фонду» мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталууда. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда облустту өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жылдык дүң пайдасынын 0,6 пайызы бөлүнүп тураарын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18