10:37, 24 мая 2022, 24.kg

Баткенде мектеп окуучулары китеп окуу сынагынан Дубайга жолдомо утуп алышты

21-майда Баткен облусу боюнча 10-11-класстар арасында «Окурман окуучу» аттуу китеп окуу сынагы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Сынак Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы жана Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести боюнча өтүп, ага 249 мектептен 3 миңден ашык окуучу катышты.

Долбоор Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланып, жалпы бюджети 850 миң сомду түздү.

Жыйынтыгында Дубайга жолдомону төрт окуучу утуп алды:

— Айнура Жулдиева — Лейлек районунун Достук орто мектеби;
— Жасмина Кумарбек кызы — Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-жатак мектеби;
— Акмөөр Ибраимова — Кадамжай шаарындагы Б. Айтматов орто мектеби;
— Альбина Ботобаева — Кызыл-Кыя шаарындагы Темир Иметов орто мектеби.

Уюштуруучулардын маалыматында, Дубайга бешинчи жолдомо облустун мыкты мугалими деп табылган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго ыйгарылды.

Сынактын калган катышуучуларына баалуу белектер ыйгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18