10:57, 23 мая 2022, 24.kg

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталары айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө баштала турганын 20-майда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жапаров муну Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырды. Темир жолду курууга байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы жагдайларга токтолгон жок.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен соңку жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн «Кабар» улуттук маалымат агентигине курган маегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта экенин билдирген.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18