10:49, 23 мая 2022, 24.kg

Кыргызстандыктарга пенсиянын топтолгон бөлүгүн ипотекага ала алышат

Кыргызстан жарандарына пенсиялык топтомдогу акча менен ипотекалык карыздын негизги бөлүгүн же үстөгүн төлөөгө уруксат берилди. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Кеп Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду жөнүндө болуп жатат. Бул каражатты пайдалануу үчүн топтолгон сумма 50 миңден кем болбошу керек.

Кыргызстандын пенсия системасы базалык жана топтоочу бөлүктөн турат. Жыл сайын иштеген ар бир кыргызстандык маянасынын 10% пенсияга которот. Анын 8% азыркы пенсионерлерди каржылоо үчүн жумшалат, 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Акыркы каражат жарандын өзүнүн акчасы болуп эсептелет. Министрлер кабинети бул чечими менен дал ушул каражатты импотека карызын жабууга колдонууга уруксат берди.

Өлкөдө топтоо системасы 2010-жылы киргизилген.

2021-жылы Казакстанда пенсиялык топтомдун бир бөлүгүн турак жай маселесин чечүүгө жана ден соолукту жакшыртууга пайдаланууга уруксат берилген. Бирок быйыл апрелден тартып бул каражатты алуу шарттары татаалдаштырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18