15:41, 20 мая 2022, 24.kg

Тоолуу Бадахшанда өлгөн 21 кишинин сөөгү туугандарына берилди

19-майда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы «контртеррордук операция» учурунда өлгөн 21 кишинин сөөгү туугандарына берилди. Бул тууралуу коопсуздук маселесинен улам атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун билдирди. Мурдараак 17 кишинин сөөгү жакындарына берилгени айтылган.

Тажик бийлиги 18-майда Рушан районундагы «антитеррордук операция» деп аталган окуяда 8 киши мерт болгонун, 27 адам жаракат алганын, 114 жергиликтүү тургун кармалганын билдирген. Укук коргоо органдары өлтүрүлгөндөрдү, жаракат алгандарды жана кармалгандарды «террордук топтордун активидүү мүчөлөрү» деп атады.

Рушанда 20дан ашуун кишинин өлгөнү тууралуу маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок. Тоолуу Бадахшанда интернет байланышы өчүрүлгөн, ЖМК өкүлдөрүн аймакка киргизбей жатышат.

«Озодинин» өз булактары билдиргендей, Дерзуд айылына эле төрт жергиликтүү жашоочунун сөөгү жеткирилди.

Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода жергиликтүү «Бадахшан» телеканалы аркылуу Рушанда абал тынч экенин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тергөө иштерин баштаганын айтты.

Бирок бир катар маалыматтарга караганда, Хорогдо абал чыңалган бойдон турат.

Жашоочулар Хорогдун жолдору жабылганын, төрт күндөн бери мамлекеттик мекемелер, мектептер жана жогорку окуу жайлар иштебей турганын, коомдук транспорт токтогонун билдирүүдө.

«Базарларда азык-түлүк тартыштыгы байкалууда. Асманда тик учак айланып жүрөт. Кытай менен Тажикстан автожолунун бир бөлүгү болгон Душанбе-Хорог трассасы жабык», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18