15:29, 19 мая 2022, 24.kg

Ысык-Көлдө «Асман» шаары курула турган жер өзгөртүлдү

Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаары курула турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

«Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт».

Равшанбек Сабиров «Асман» шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон каларын кошумчалады. Аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экени эскертишкен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18