11:12, 19 мая 2022, 24.kg

Энергетикалык ичимдиктерди ташып бара жаткан аткезчилер кармалды

6 миң 60 банка энергетикалык ичимдиктерди ташып бара жаткан аткезчилер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматында, жүк 8-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде кармалды. Жалпы баасы 1 миллион сомго бааланат.

Энергетикалык ичимдикти «Мерседес Бенц Спринтер» жана «Фольксваген Крафтер» үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. ташып бара жатышкан.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18