18:23, 18 мая 2022, 24.kg

Фейктер Украинадагы кырдаал жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги жөнүндө

Украинадагы кырдаал чыңалган бойдон калууда, ал эми Кыргызстанда сөз эркиндигине болгон кол салуулар кундөн-күнгө күч алып жатат. Мына ушул темалар фейктердин көңүлүнүн чордонунда турат.

Photo 260088

Эске салсак, Интерньюстун командасы жарым жылдан ашуун убакыттан бери социалдык тармактарындагы фейк аккаунттарын иликтеп, алардын атайын базасын түзүп, Facebook жетекчилигине ай сайын жөнөтүп турат.

Март-апрель айлары соцтармактарга мониторинг жүргүзгөн команда 300дөн ашуун фейк баракчаларын аныктап чыкты. Алардын жарымынан көбү, тактап айтканда 155 аккаунт Facebook тарабынан жабылды.

Photo 260090

Белгилей кетсек, ай сайын фейктердин көңүлүнүн чордонунда ар түрдүү маалыматтар себеп болот. Акыркы эки айдын ичинде жалган аккаунттардын ээлери Украинадагы кырдаал жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу ар түрдүү фейк (жалган) маалымат таратуусун күчөттү.

Мындай жалган аккаунттарды аныктап чыгуу оңой эле. Фейктер калтырган комментарийлер негизинен Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясын жактап, мактап, Украина элин тебелеген сөздөр жазылат. Ошондой эле тейде журналист жана көз карандысыз жалпыга маалымат кызматына да багытталган комментарийлер жазылат. Көпчүлүк учурда фейктер далилсиз маалыматтарды таркатышат.

Photo 260086

Айрым серепчилердин пикиринде фейктерди сөз эркиндиги жок өлкөлөрдө бийлик ооздуктай албайт, ошондуктан алар абдан эле көбөйуп кеткен, бүтүндөй бир фабрикадай болуп, топтолуп иштешет. Швейцария сыяктуу, цивилизациясы жогору, өнүккөн өлкөлөрдө фейктер жокко эсе.

Photo 260085

Соцтармактарындагы жалган баракчаларды иликтеп, таап чыккан команда өз ишин улантууда. Кыргыз бийлиги фейктерге жана троллдорго каршы чара көрбөсө деле, коомдук пикирди бурмалаган фейк-фабрикаларга каршы күрөштө сиз өз салымыңызды кошо аласыз. Эгер сиз фейк маалыматка же шектүү аккаунт боюнча арыздансаңыз, анын андан ары жайылышын алдын аласыз. Бул иш-аракеттер өлкөнүн санариптик коопсуздугуна салым кошот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18