16:26, 18 мая 2022, 24.kg

Ташкент- Алматы поезди каттай баштады

«Тулпор Тальго» поезди 16-майдан тартып «Алматы-Ташкент-Алматы» каттамы боюнча каттай баштады.

Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдиргендей, 2,5 жылдык тыныгуудан кийин Ташкент менен Алматынын ортосунда жүргүнчү поезддин каттамы жандандырылды.

Биринчи поезд 17-майда Ташкенттин Түндүк бекетине келди. Ал дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү «Алматы-2» станциясынан, шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү «Ташкент-Центральный» станциясынан жолго чыгат.

Поезд 24 вагондон турат жана бир учурда 425 жүргүнчүнү тейлей алат. Билеттерди кассадан жана электрондук түрдө алса болот.

Казакстанга бара турган жүргүнчүлөр коронавируска карата 72 сааттан кеч эмес убакта жасалган ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү керек. Же коронавируска каршы толук эмдөөдөн өткөнүн далилдеген сертификатты ала жүрүүгө тийиш.

«Өзбекстан темир жолдору» ушул тапта башка коңшу өлкөлөр менен да каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18