17:36, 16 мая 2022, 24.kg

Студенттерге жасалма электрондук виза саткан Өзбекстан жараны кармалды

Студенттерге жасалма электрондук виза саткан Өзбекстан жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча кылмыштын негизинде 2022-жылдын 11-майында козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган студенттерге — Өзбекстан жарандарына Кыргыз Республикасынын жасалма студенттик электрондук визаларын жана каттоо талондорун системалуу түрдө жасап, сатып жүргөн Өзбекстан жараны А.Ш.Р.дын кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып ага бөгөт коюлду.

Ушул жылдын 12-майында Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошол эле учурда Ош шаардык соту айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын карады.

Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18