Жазгуль МАСАЛИЕВА
16:37, 13 мая 2022, 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо жараянын баштады

5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун алгачкы жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору талкууланды.

Маалыматка ылайык, жумушчу топтор кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерди макулдашуу үчүн жолугушкан. Жыйынтыгында чек араны демаркациялоонун ченемдик-техникалык документинин долбоорун макулдашты.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев такталган аймактарга белги орнотуу иштери жайында башталарын маалымдады.

«Делимитация болгон чек араны демаркациялоо боюнча биринчи жолугушуу өттү. Бул деген сөз жайында чек ара сызыктарына казык кагып, белгилөө деп түшүнсөк болот. Такталган аймактарга чыгып белгилөө башталат. Калган такталбаган сызыктар боюнча эми сүйлөшүү жүрөт».

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18