11:50, 13 мая 2022, 24.kg

Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 млн сом бөлүндү

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 347 500 (бир жүз алтымыш тогуз миллион үч жүз кырк жети миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берүу каралган.

Бул бюджеттик каражаттар «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бөлүнгөн.

Мындай чечим Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18