09:42, 13 мая 2022, 24.kg

Чоң-Арык айылына жаңы гүлбакча курулат

Чоң-Арык айылынын тургундары Береговая көчөсүн бойлой гүлбакча уюштуруу өтүнүчү менен Ленин районунун акимине кайрылышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул аймактын жашоочулары үчүн сейилдөөчү жана эс алуучу жайлар жок.

Район башчысы Русланбек Тагаев гүлбакча курула турган жерди көрүп, эл менен жолугуп, аймакты көрктөндүрүү маселесин талкуулады.

Жыйындын жыйынтыгында район башчысы «Чоң-Арык» МАБнын начальнигине «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте долбоорду иштеп чыгып, аянттын сметасын эсептеп, борбор калаанын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2023-жылга болгон өндүрүштүк иштеринин титулуна киргизүүнү тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18