16:24, 10 мая 2022, 24.kg

Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр. Олег Попиков кайтадан вице-мэр болду

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Вице-мэрлик кызматка Олег Попиков Владимирович дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Олег Попиков 2013-жылдын июнь айынын тарта вице-мэр болуп иштеген. Кызматынан 2014-жылдын ноябрында кеткен. 2021-жылдын июль айынан тарта шаардык кеңештин депутаты болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18