13:32, 10 мая 2022, 24.kg

Эсеп палатасы «Кумтөрдүн» соңку бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн текшерет

«Кумтөр» алтын кениндеги соңку бир жыл ичиндеги ишмердүүлүк боюнча маалымат жалпы элге эки айдан кийин берилет. Бул тууралуу бүгүн 10-майда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына Эсеп палатасына «Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилгенин жазып, «Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет» деди.

Эске салсак, канадалык «Центерра» компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18