12:55, 05 мая 2022, 24.kg

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы кыргыз калкы ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген. Колдонуудагы Конституция адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттай турганын айткан. Жапаров 2021-жылдын апрелинде болгон референдумга дагы токтолгон.

«Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу. Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт. Бүгүн биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет», — деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18