12:52, 05 мая 2022, 24.kg

COVID-19. Кыргызстан жарандары үчүн Орусияга кирүүгө болгон чектөөлөр алынды

2022-жылдын 16-майынан тартып Кыргызстан жарандары үчүн Орусияга кирүүгө, ошондой эле Орусия жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды.Бул туралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орусия өкмөтү кабыл алды.

Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москвада өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18