10:50, 04 мая 2022, 24.kg

Садыр Жапаровдун катышуусу менен футбол боюнча достук мелдеши башталды

Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:

• А тайпасы: президент администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президент администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.

Түз алып берүү убактысы:

- 4-май саат 10.00;

- 5-май саат 12.00.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18