11:53, 03 мая 2022, 24.kg

Ош облусунда 35 адам таттуу токочко ууланып, ооруканага түштү

Ошто кондитердик азыктан 35 адам ууланды. Анын ичинен 18и 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 1-майда катталган.

«Текшерүүдө тургундар Кара-Суу районундагы «Сахобот» кондитердик цехинде жасалган таттуу токочтон ууланышканы белгилүү болду. Цехке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары иши токтотулуп, аталган таттуулар дүкөндөрдөн алынып жатат.

Бардык жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүлдү. Учурда 14 бала дарыланууда. Абалдары канааттандырарлык», — деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып жатканы белгиленет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18