13:30, 02 мая 2022, 24.kg

8 тоннадан ашуун сүттү дарыяга төккөн адам аныкталды

Милиция Чүй облусунда сегиз тоннадан ашык сүттү дарыяга төккөн кишинин тек-жайын тактады. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ал Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну экенин билдирди.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, сүт ташуучу унаанын айдоочусу 30-апрелде Жаңы-Жер жана Жогорку Чүй айылдарынан чогултулган сүттү тийиштүү талаптарга жооп бербегендиктен сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес. 1-майда сүттү дарыяга төгүп, аны видеого тартып кардарларга жөнөткөн. Милиция сүт кабыл алуучу ишканалар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн, териштирүү уланып жатканын кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да бул окуя тууралуу Фейсбукка жазып, сүттү кайра иштетүүчү «Үмүт жана Ко» жана «Ак Сүт» ишканаларында текшерүү башталганын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18