12:10, 28 апреля 2022, 24.kg

Садыр Жапаров кыргы-тажик чек арасын тактоо алдыга жылып жатканын билдирди

Кыргыз-тажик чек ара тилкелери боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Баткен облусунда болгон окуяга байланыштуу кайрылуусунда айтылат.

Өлкө башчысы комиссиянын ишинде жылыш болуп жатканын белгилейт.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согди облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен тынчтык сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти», — дейт ал.

Садыр Жапаров чек араны чечүүдө улуттук кызыкчылыкка басым жасаларын айтты.

«Мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берген өлкө жетекчиси катары чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы казыкчылыгын жана бүтүндүгүн урматтоо менен иш алып бара тургандыгымды баса белгилеп айта кетейин. Буга менин саясий эрким жетет», — дейт президент.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18