12:25, 27 апреля 2022, 24.kg

Камсыздандыруучу компаниялардын кардарлары 1,7 эсеге көбөйдү

2021-жылы камсыздандыруу компанияларыынын кирешеси 8,7 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Кыргызстанда иш алып барган 14 камсыздандыруучу компаниянын кирешеси 1,6 миллиард сомду түздү. Кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 79 пайызы) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Өткөн жылы камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары 9,1 пайызга азая түшкөн. Алар чыгымдардын 35 пайызын ишмердүүлүгүнө, 30 пайызын кардарлардын төлөм акысына жумшаган.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 257 миллион сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 18,2 млн. сомго аз.

Компаниялар бир жыл ичинде 1,7 эсеге көп, 266 миң келишим түздү. Суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 45 пайыз көбөйүп, 967 млрд. сомдон ашты.

Статкомдун маалыматында, көбүнчө ыктыярдуу, медициналык жана туризм жаатында камсыздандыруу жүрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18