15:51, 26 апреля 2022, 24.kg

Таласта майып кызды зордуктоого шектүү адам кармалды

Талас облусунда биринчи топтогу майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип анын айылдашы кармалганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун милицияга 18-апрелде арыз менен кайрылып, анда 30 жаштагы карындашын айылдашы зордуктаганын жазган. Шектүү зордуктоо тууралуу дооматты четке каккан.

Кыз соттук-медициналык экспертизадан өткөн, денесине жаракат келтирилбегени аныкталган.

Шектүү кылмыш жаза кодексинин 37-беренеси («Кылмыш жасоого аракеттенүү») жана 154-беренеси («Зордуктоо») менен айыпка тартылып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал тараптан комментарий боло элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18