09:38, 21 апреля 2022, 24.kg

Өзбекстандыктар Орусияда 15 күн каттоосуз жүрө алат

Өзбекстан жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү убактысы 7 күндөн 15 күнгө чейин созулат. Орусиялыктар да Өзбекстанда дал ушундай режим менен жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Мамдума Өзбекстан өкмөтү менен Орусияда жүрүү тартибин жеңилдетүү жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Документте Өзбекстан жарандары Орусияга кирген убакыттан баштап 15 күн каттоосуз жүрсө боло турганы, орусиялыктар да Өзбекстанда жарым айга чейин каттоосуз жүрө алары белгиленген. Мыйзам ратификациялангандан кийин Федерация Кеңешине, андан соң президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эки өлкө ортосундагы келишимге 2021-жылы 21-майда Москвада, 2021-жылы 17-июнда Ташкентте кол коюлган.

Ушундай эле режим Беларус, Казакстан, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан жарандарына да тиешелүү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18