15:58, 18 апреля 2022, 24.kg

«Манас» аба майданында 13 миллион сомго декларацияланбаган учактар аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери 13 миллион сомго аба кемелеринин декларацияланбаган фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын жай айлары Пакистан — Бишкек каттамы боюнча «А.М.Э» ЖЧКсынын дарегине AVRO 146 —RJ85 эки аба кемеси келгендиги анкыталган. Учактардын наркы 12 миллион 971 миң 063,27 сомду түзгөн.

ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Башкы прокуратурасына берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18