18:50, 15 апреля 2022, 24.kg

АКШ Кыргызстан менен кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюуга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Пикир алышууда эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Байсалов Садыр Жапаров тарабынан жарандардын бакубаттуулугун, ички саясий абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, адам укугу жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея АКШнын Кыргыз Республикасы менен өз ара мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун белгиледи. Ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы демократиялык укуктар маселеси боюнча өз ара мамилелердин жаңы баракчасын ачты.

Эдил Байсалов биздин өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын белгилеп, ошондой эле өлкө жетекчилигинин АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18