18:08, 14 апреля 2022, 24.kg

Микрокредит алгандардын саны азайганы менен көлөмү көбөйдү

2021-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 37 миллиард сом суммасында кредиттер берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, бир жылда 645 миң насыя алган. Микрокредиттик компаниялардын кардарларынын саны 2020-жылга салыштырганда 9 пайызга азайып, насыялардын көлөмү тескерисинче дээрлик 19 пайызга көбөйгөн.

Насыянын көпчүлүк бөлүгүн, 21,2 пайызын Ош облусунун тургундары алышкан. 18,2 пайызын Бишкек шаарында, Чүй облусунда — 14,5 пайызы, Жалал-Абад облусунда — 13,7 пайызы берилген.

Насыянын 38,4 пайызын керектөөчүлүк муктаждыктарына, 28,5 пайызын айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,2 пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,4 пайызы курулушка алышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18