16:39, 14 апреля 2022, 24.kg

Президенттин иш башкармалыгы «Манас айылы» комплекси тууралуу үн катты

Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» ишканасына таандык.

«Манас айылы» комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен «Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт.мындан тышкары, келечекте «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18