17:38, 13 апреля 2022, 24.kg

Муфтият ажылыкка катталгандарды COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга барчуларга бир катар жаңы талаптарды киргизгенин билдирди. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин маалыматына караганда, ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.

Муфтият ушундан улам 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлерди алдын ала COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлигинин талабына ылайык, алар Pfizer-BioNTech, Moderna, Oxford-Astrazeneca, Janssen вакциналарын алышы керек.

Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапарга 1 миллион адамды кабыл алууга даяр экенин билдирген. Бирок азырынча бир да мамлекетке квота бөлө элек. Муфтият Кыргызстанда коронавируска байланыштууу абал туруктуу экенин эске алып, квота бөлүнөт деп күтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18