09:16, 12 апреля 2022, 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 12-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин борбор калаанын борбордук бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат.

Бул Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18