10:16, 11 апреля 2022, 24.kg

Бостеридеги аквапаркта каза болуу боюнча кылмыш иши токтотулду

2021-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуу жайында катталган адам өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Кылмыш иши тараптардын жарашуусунун негизинде токтотулуп, айыпталуучу менен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Соттун аныктамасы тараптар тарабынан даттанылган эмес жана мыйзамдуу күчүнө кирди», — деп айтылат маалыматта.

Соттун токтому өткөн жылы 20-декабрда кабыл алынган.

2021-жылы 27-июлда «Дельфин де Люкс» эс алуу борборунун көл жээгинде жайгашкан аквапаркына суу толтуруп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк ошол учурда көлгө түшүп жаткан 18 жаштагы жигитти соруп кеткен.

Эс алуу борборунун жетекчиси Айдар Текебаевге эки кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18