10:26, 08 апреля 2022, 24.kg

Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 миллион евро бөлөт

Европа биримдиги Кыргызстандын  билим берүү тармагына 32 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Программа теңчиликти, инклюзивдик жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү улантууга, ошондой эле шаардык жана айылдык мектептерде санариптик, экологиялык көндүмдөрдү жана медиа сабаттуулук көндүмдөрүн интеграциялоого багытталган.

Жалпы суммадан 27 млн евро бюджеттик колдоо катары, ал эми 5 миллион евро техникалык жардам катары бөлүнөт. Акыркысы «твиннингди» – Кыргыз өкмөтүнө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мүмкүндүк берген биргелешкен методду камтыйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18