11:46, 06 апреля 2022, 24.kg

Беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилет

Беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушууда айтканын басма сөз кызматы маалымдады.

Беш жыл ичинде Кыргызстандын ЖОЖдору Европа жана Борбор Азия университеттеринин ичинен алдыңкы орундарды ээлеши кажет. Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей бул үчүн беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет.

«Аларга өндүрүштүк жана экономикалык эркиндиктер берилет. Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алуунун стандарттарын жана жол-жоболорун өз алдынча бекитүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андан сырткары филиалдарды ачууну жөнөкөйлөштүрүү жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик Кыргызстандагы ар бир университет билим берүү менен гана чектелбеши керек деп эсептейт. Ал үчүн илим изилдөө иштери, ишкерлик, өндүрүш жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл.

Бир жыл мурда Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн «Университет 4.0» аттуу программасын иштеп чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18