14:34, 05 апреля 2022, 24.kg

УКМК: 85 миң сом пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды

Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн $2 миң өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалды.

Ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18