16:30, 04 апреля 2022, 24.kg

Тажикстанда 5,5 миң ооган жараны качкын макамын ала албай жатат

Тажикстандын бийлиги 5,5 миң ооганстандыкка качкын макамын берүүдөн баш тартты. Алардын колунда азыр «башпаанек издеген адамдын убактылуу күбөлүгү» гана бар жана ай сайын анын мөөнөтүн узартып турууга аргасыз.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ооганстандыктардын башкалка берүү өтүнүчтөрүн кароо убактылуу токтотулганын ырастады. Мекеме бул чечим «коопсуздук максатында» кабыл алынганын билдирди.

Ооган качкындарына юридикалык жардам көрсөткөн «Инсон ва адолат» коомдук уюмунун башчысы Ширинбек Давлатшоевдин айтымында, 2021-жылы «Талибан» режиминен качып келген 5,5 миң ооганстандыктын баары Тажикстанда качкын макамын ала албай жүрүшөт.

«Ооганстандыктар келип жашап жаткан шаарлар менен райондордун Турак-жай коммуналдык кызматтарына качкындарга убактылуу жашап туруу жөнүндөгү маалымкат бербегиле деген жазуу түрүндөгү эскертүү берилген. Бул документсиз алар качкын макамын алуу үчүн зарыл болгон юридикалык процедуралардан өтө албай калышат», — деди Давлатшоев.

Тажикстанда качкын макамынын жоктугу оогандыктарга көптөгөн маселелерди жаратат. Буга байланыштуу келечекте аларга айып пул салынып же мекенине депортацияланышы мүмкүн.

2021-жылы ноябрда тажик бийлиги 11 ооган качкынын мекенине депортациялаган. Анда БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы буга тынчсыздануусун билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18