09:37, 04 апреля 2022, 24.kg

Акылбек Жапаров Данги тилкесинде кичи ГЭС куруу долбоорун иштеп чыгууну тапшырды

Акылбек Жапаров Ош жана Баткен облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Данги тилкесинде кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул аймакка кичи ГЭСтин курулушу менен Ош шаарынын бир бөлүгүн көп жылдардан бери чечилбей келген ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилет.

Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорду жактырып, бардык укуктук жана документациялык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын билдирди.

Андан соң Акылбек Жапаров катарлаш жайгашкан Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуп, антикризистик чаралар, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогрулатуу, күндө керектелүүчү азык-түлүктөргө карата баалардын жогорулашына жол бербөө жана жер тилкелерин трансформациялоо боюнча министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18